27 мар 2019
Эгер бүгүн... апам тирүү болгондо, Бармак белем майрамдатып койгонго. Эстеп алып мен томсоруп отурам, Күлүмсүрөп элеси бар ойлордо. Күтчү күндү келет го деп саргайып, Жолум карап ойлору бүт чаржайыт. Кирип барсам жаш баладай кубанып, Бетимен өөп сурар эле ал-жайым. Азыр мени эч ким күтпөйт апамдай, Калдым өзүм...апам бардай каттабай. Анда-санда телефондон сүйлөшүп, Апам жокто...бир тууганым башка ай! ,,Эжең келди"- тамагыңды жаса деп, Айтаар эле келинине акыл кеп. ,,Ичпейм"-десең жаш баладай таарынып, Калаар эле кабак бүркөп санаа жеп. Отурбапмын... көпкө чейин жаныңда, Кайын-журт деп кетчү элем чынында. Кошо чыгып узатчу эле тажабай, Барган сайын мейли жай же кышында. Мына бүгүн...барбайм сени куттуктап, Сага арнап албайм эми...гүл кучак. Куран окуйм...элесиң бар өзүң жок. Кетпедиңби!!! Апакебай сен узак.
kairat Orozobekov
2:25
8 КОММЕНТАРИЕВ
алтынкул бекбосунова
энен бар кандай жакшы ырды окуп ошол кундорду эстеп жаманболуп кеттим
КАРЛЫГАЧ БУКАРАЕВА
Кайрат алтыным апанды сагынганынды билдим.Апана деген ырынды окуп жүрөгүмдүн жарасынан аккан канды эч ким түшүнбөсө керек.Балдарым деп өмүр бою канатын кагып жүрүп акыры ошол балдарын таштап кетти.Эми арбагында колдосун.бейишт ин төрүндө болсун менин баа жеткис эжекем!!!!!!!
kairat Orozobekov
Кандайсыз эжеке сагынып жатпаймыы Элдер ападеген создорун уканда кыйналып жатам
Алымбек Кыдыралиев
апан уулум кайратту болсун деп кайрат деп атаган туура атынды. аттына заттын жарашкан кайрат кыл иним
КАРЛЫГАЧ БУКАРАЕВА
Сагынганды айтпа кудайым эн жакшы адамды ушинтип сагынтып ооздон алдыргандай алып кетет тура Жазмыштан кайда барабыз .Жашоо уланып оз нугу менен кететкен.Апандын арбагына сыйынып келечегинди ойло ар дайым ойлонуп туура кадам шилтесен эжекем сенин жанында журот Анын балдарынан куткону ушул болчу Сагынычын омур бою сени менен журот сен кайраттуу болуп энендин тилегин ишке ашырсан апан да кубанычта болот. Озунду жакшы кармап жакшы жур алтыным
kairat Orozobekov
Рахмат эжеке макул тайнем жакшы журобу орубай жакшыбы озунуз кандайсыз денсолугунуз жакшыбы эжеке
КАРЛЫГАЧ БУКАРАЕВА
Рахмат баары жакшы
камбар кулушов
Кайрат сабыр кыл